• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жалал-Абадда жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 15 жаран кармалды – комендант

Аймак 0


Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Жалал-Абадда жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 15 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Анын айтымында, бир күн ичинде облус аймагында 15 кылмыш катталып, алардын арасында оор жана өзгөчө оор кылмыштар болгон эмес.

"Жалал-Абад шаары жаан Сузак районунда коменданттык саатты бузган 15 жаран кармалды. Учурда облуста коомдук-саясий кырдаал жана криминогендик абал туруктуу", - деди ал.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий