• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 4 жаран кармалды – комендант

Аймак 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаары жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Анын айтымында, бир күн ичинде облус аймагында 18 кылмыш катталып, алардын арасында өзгөчө оор жана оор кылмыштар болгон эмес.

"Коменданттык сааттын эрежелерин бузган 4 жаран кармалды: Жалал-Абадда – 3, Сузакта – 1 киши. Аларга карата мыйзам чегинде чаралар көрүлүп, протоколдор толтурулду. Ошондой эле бир күн ичинде Жалал-Абадда жана Сузакта шаардык жана райондук ички иштер бөлүмүнө 123 жаран жеткирилип, алар менен тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий