• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 5 жаран кармалды – комендант

Аймак 0


Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 5 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Ал белгилегендей, бир күн ичинде облус аймагында 19 кылмыш катталган.

"Жалал-Абадда жана Сузак районунда бир күн ичинде райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнө 14 киши жеткирилип, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Коменданттык саатты бузган 5 жаран кармалды: Жалал-Абадда – 1, Сузакта – 4 киши", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий