• 84.8
  • 96.12
  • 1.11

Жалал-Абадда жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 6 жаран кармалды – комендант

Аймак 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Жалал-Абадда жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 6 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Анын айтымында, бир күн ичинде облус аймагында 26 кылмыш катталып, алардын баарынын бети ачылган.

"Бир күн ичинде Жалал-Абадда жана Сузак районунда 99 киши шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилип, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошол эле учурда коменданттык сааттын эрежелерин бузган 6 жаран кармалды: Жалал-Абадда – 4, Сузакта – 2 киши", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий