• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда жана Сузак районунда коменданттык сааттын убактысы узартылган жок – комендант

Аймак 0

Бишкек, 11.04.20. /Кабар/. Жалал-Абадда жана Сузак районунда коменданттык сааттын убактысы узартылган жок. Бул тууралуу Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде Жалал-Абад жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Ага түз эфирде Жалал-Абадда коменданттык саатты убактысы узартылды деп айтылууда, бул маалымат туурабы деген суроо узатылды.

Жоробеков өзгөчө абал 25-марттан 15-апрелге чейин киргизилгенин айтып өтүп, өзгөчө абал учурундагы коменданттык сааттын убактысы өзгөрбөгөнүн белгилеп өттү.

"Коменданттык сааттын убактысы 20:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин деп белгиленген. Кошумча өзгөртүүлөр болгон жок. Эл арасында болгон сөздөргө эмес, расмий маалыматтарга ишенүүгө чакырам", - деди ал.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий