• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда жана Сузак районунда коменданттык сааттын убактысы өзгөрдү – комендант

Аймак 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Жалал-Абадда жана Сузак районунда коменданттык сааттын убактысы өзгөрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Жоробеков 15-апрелге чейин киргизилген өзгөчө абал тартибинин мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылганын айтып, коменданттык сааттын убактысы өзгөртүлгөнүн билдирди.

"Айыл чарба иштеринин жүрүшүн эске алып коменданттык сааттын убактысы кечки саат 21:00дөн эртең мененки саат 06:00гө чейин болору белгиленди. Жарандарды коменданттык сааттын эрежелерин сактоого чакырам"- деди ал.

Эскерте кетсек буга чейин Жалал-Абадда жана Сузакта коменданттык сааттын убактысы 20:00-07:00 сааттар арасы деп белгиленген.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 15-апрелге карата коронавирус жуктурган 19 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 449га жетет. Алардын ичинен 78 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий