• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жалал-Абадда жана Сузак районунда өткөрмө кагазды жасалмалаган 3 факт аныкталды – комендант

Аймак 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад жана Сузак районунда өткөрмө кагазды жасалмалаган 3 факт аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде Жалал-Абад шаарын жаан Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата Жалал-Абад жана Сузак районунда медицина, укук коргоо жана атайын кызматтарга, азык-түлүк ташыган ишканаларга 1 миң 200 өткөрмө кагазы берилген. Учурда жазгы талаа иштери жүрүп жаткандыктан өткөрмө кагаздары дыйкандардын унааларына да берилип жатат.

"Тилекке каршы айдоочулар жасалма өткөрмө кагаздарын колдонгон учурлар бар. Бүгүнкү күнү 3 факт аныкталды. Алар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат", - деди ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий