• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда жарым жылдын ичинде жол кырсыгынан 56 адам каза болду

Аймак 0

Бишкек, 23.07.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында жол кырсыгынан 56 адам каза болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошев билдирди.

6 айдын ичинде облустун аймагында 234 жол кырсыгы катталган, натыйжада 398 жаран ар кандай даражадагы жаракат алган. Андан тышкары жол кырсыгынан 63 өспүрүм жабыркап, анын ичинен 11и каза болгон. Ал эми Ош-Бишкек унаа жолундагы кырсыктан 23 жаран көз жумган.

Жалал-Абад облусу боюнча 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында жол кырсыгынан түшкөн айып пул 21 млн. 918 миң сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий