• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда жаш жигиттин өлүмүнө шектелип 17 жана 19 жаштагы кыз менен жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.12.19./ Кабар/. Жалал-Абадда 18 жаштагы жигитти өлтүрүүгө шектелип 17 жана 19 жаштагы кыз менен жигит кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 9-ноябрында болжол менен саат 11:30дар чамасында Жалал-Абад облустук биргелешкен клникалык ооруканасына жараат алган жаш жигитти алып келишкен. Дарыгерлер дароо милиция кызматына кабар беришип, жабырлануучунун ичине учтуу нерсе менен сайышкандыгын, учурда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгын кабарлашкан. Жабыркаган балага операция жасалган, бирок алган жарааттан улам ошол эле түнү өзүнө келбей каза болгон.

Аталган факты боюнча атайын тергөө тобу түзүлүп, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө маркумдун өздүгү такталган. Ал 2001-жылы туулган Сузак районунун К.Т. аттуу жашоочусу болуп чыккан.

"Окуя жаштар арасындагы өз ара пикир-келишпестиктен улам чыккан. Жаш жигиттин өлүмүнө шектүү делип 2000-жылы туулган Жалал-Абад шаарынын У.Д. аттуу тургуну жана Сузак районунун 2002-жылы туулган Н.А. аттуу жашоочусу (кыз) кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий