• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда жаштардын ийгиликтери жана көйгөйлөрү талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 05.09.17 /Кабар/. Жаштар өздөрүнө тийиштүү болгон бардык маселелерди ачык талкуулап, аны чечүүнүн жолдорун да өздөрү издеши керек. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы жаштар комитети, Youth of Osh коомдук бирикмеси “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фондусунун төрагасы Нуржигит Кадырбековдун катышуусунда шаардагы “Алтын-Сарай” ресторанында өткөргөн“Жаш тилек - 2017” форумунда жаштар ушундай жыйынтыкка келишти. Бул тууралууYouth of Osh коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Акмарал Сатимбаева билдирди.

Анын айтымында, бул форумдун өткөрүүнүн негизги максатыучурдагы жаштарыбыздын жетишкендиктерин, аны менен катар алар аркылуу жаштардын арасында жаралып жаткан олутуукөйгөйлөрдүбилүү жана аны чечүүнүн жолдорунжаштар менен биргеликте талкулоо болуп саналат.

“Форумдун алкагында жаштарга атайын адистердин катышуусунда билим берүү, саламаттыкты сактоо, экономика, жумушсуздук, бизнес жана экологиялык багыттар боюнча жаштардын катышуусунун бир катар көйгөйлөрү талкууланды. Мындан тышкары, алдыдагы саясий кырдаалдарда жаштардын таасири жөнүндө да бир топ маселелер ортого ташталды. Негизинен бул форум Youth of Osh коомдук бирикмеси тарабынан өлкөнүн түштүк аймактарындагы активдүү жаштар арасында өткөрүлүп, жыйынтыгында жалпы резолюция кабыл алынды”, - дейт А.Сатимбаева.

Эми жаштар форуму кабыл алган резолюция президенттикке талапкерлерге жөнөтүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий