• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда жаштар мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү колго алышууда

Аймак 0

Бишкек, 13.10.17 /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы окуу жайларында мамлекеттик тилди өнүктүрүү, аны жаштар арасындагы кеңири жайылтуу максатында ар кандай практикалык иш-чаралар уюштурулууда. Бул мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында шаар бийликтери тарабынан жайылтылган үч айлыктын алкагында өтүүдө. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Шаардагы №75 кесиптик лицейде өткөрүлгөн “Барктай алсак өз тилибиз улуу тил, башка тилден көркөмү артык сулуу тил” аталышындаы студенттер арасындагы кароо-сынак мамлекеттик тилди жайылтуу багытында өзгөчө мааниге ээ болду. Анда окуу жайдын студенттеринен тандалып алынган эки команда өз ара беттешип, мамлекеттик тилди билүү жагынан күч сынашышты. Алар “Саламдашуу”, “Манас” эпосунан үзүндү айтуу, “Элдик кыргыз ырларын ырдоо”, “Кыргыз бийин бийлөө”, “Комузда күү чертүү”, “Макал-ылакап” айтуу сыяктуу номинациялар боюнча атаандашышты.

Аталган кесиптик лицейдин жетекчиси Жыргалбек Маматовдун айтымында, буга чейин да ушундай кароо-сынактар жүрүп, анда окуу жайдын студенттеринен турган 11 команда ат салышкан.

"Алардын ичинен жеңүүчү аталган эки команда бүгүн дагы бир ирет күч сынашышты. Мындагы максат - мамлекеттик тилди жаштар арасында кеңири жайылтуу жана улуттук баалуулуктарыбызды барктай билүү", - дейт ал. Бул кароо-сынакта алдыңкы орундарды ээлеген командалар жана жеке студенттер окуу жайы тарабынан Ардак Грамоталар, белектер менен сыйланышты.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча 3 айлык жарыяланган. Анын алкагында мекеме-ишканалар, мектептер жана окуу жайлары арасында атайын иш-чаралар, кароо-сынактар уюштурулууда. Үч айлыктын жыйынтыгында алдыңкы деп табылган жамааттар шаар мэриясы тарабынан акчалай сыйлыктарга ээ болушат.

Пикир

Оставить комментарий