• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда жашылча-жемиш жүктөп бараткан оор жүк ташуучу унаа сайга түшүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 20.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жол кырсыгы катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 406-чакырымында жашылча-жемиш жүктөп бара жаткан “DAF” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа жолдон чыгып кетип, сайга түшүп кеткен.

Унаанын 27 жаштагы айдоочусунун абалы жакшы.

Жерине абалды көзөмөлгө алуу үчүн №94 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучусу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий