• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда жазгы талаа жумуштарына суу камдоо аракети көрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунундагы Кара-Үңкүр дарыясынын Жаз-Кечүү участкасына суу сактагыч куруу пландалып жатат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, райондун Кызыл-Үңкүр айылындагы суу сактоого каралган жайларды КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев тийиштүү тармактын кызматкерлери менен бирге көрүп чыкты.

Базар-Коргон районунун Кара-Үңкүр дарыясы аркылуу суу менен камсыздалуучу 26 миң гектар жер аянты бар. Андан жыл сайын 12 миң гектар жер аянтын июль, август айларында толук сугат суу менен камсыздоодо көйгөй жаралып келет.

Бул жылдагы аба-ырайынын жогорулашы, жаз, жай айларындагы талаа жумуштарына жетиштүү суу камдоо менен азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу зарылчылыгы жаралган. Мындан улам облус башчысы аймактарда суу сактоочу жайларды куруу демилгесин карап, жеринде көрүп чыгууда.

Өкүл кыдыруунун алкагында жалпы үч жайга токтолуп, алдыңкы күндөрү комиссия курамы тарабынан изилдөө иштери жүрөөрүн айтты. Анын натыйжасында керектелүүчү каражат такталып, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине сунушталаарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий