• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда жеңил жана оор жүк ташуучу унаа кагылышып, 3 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 13.12.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болгон. Кырсык кечээ, 12-декабрда болжол менен саат 05:25тер чамасында катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Бишкек-Ош унаа жолун 307-чакырымында “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу жана “Митсубиси” үлгүсүндөгү жеңил автоунаа кагылышкан.

Кырсыктын кесепетинен 3 эркек адам каза болуп, дагы 3 жүргүнчү жабыркаган.

Кырсык болгон жерге куткаруучулар барып, маркумдардын денесин унаадан чыгарышкан. Ал эми жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий