• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда жеке ишкер өз каражатына бала бакча куруп берди

Аймак 0

Бишкек. 24.04.19 /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Коммунизм айылында жеке ишкер Момунжан Алиев өз каражатынан бала бакча куруп мамлекетке өткөрүп берди. Бул тууралуу "Ынтымак" телеканалы кабарлады.

Ишкер бала бакча куруу үчүн 6 млн сом сарптаган. Ага жергиликтүү бийлик да салым кошуп, 1 млн сом каражат бөлүп берген.

Жаңы курулган бакча 55 орунга ыңгайлаштырылып, учурда 52 бала тарбияланып жатат.

Ишкердин айтымында, бала бакча куруусуна апасы себеп болгон. Анткени апасы 10 баланы тарбиялап, көзү өткөнчө бала бакчада эмгектенген.

Кошумчалай кетсек, учурда Жалал-Абад облусунда 294 бала бакча бар. Анын 19 жеке ишкерлер тарабынан курулган.

Пикир

Оставить комментарий