• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда жеке ишкерлер сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев ишкерлерди сыйлады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаар башчысы эртеңки ишкерлер күнү менен калаадагы жеке ишкерлерди куттуктады. Аны менен бирге пандемия учурунда элге жакындан жардам берип, кыйын кырдаалда кол сунгандарга ыраазычылыгын билдирди.

Тагаев “Келечек” ААКна, Курманбек баатыр балдар лицейине, “Ордо” курулуш компаниясына, “НУР Телеком” ЖЧКнын - О! уюлдук компаниясынын аймактык бөлүмүнө, “Санжыра” этно комплексине, “Кыргыз Петролеум Компани” ЖАКна, “Финка банк” ЖАКна, Жалал-Абад ЖИАга мэриянын Ардак грамотасын, сыйлоо баракчаларын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий