• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда жеке менчикке берилип кеткен балдар бакчасынын имараты мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткен балдар бакчасынын имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Кара-Көл шаарында жайгашкан баасы 22 млн 919 миң 500 сомду түзгөн балдар бакчасынын имараты мамлекетке кайтарылды.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө 2002-жылдын 12-июнунда Кара-Көл шаардык мэриясы тарабынан №6 балдар бакчасынын имараты 1,24 га жер аянты менен бирге мыйзамсыз түрдө жеке тараптардын менчигине берилип кеткендиги аныкталган.

Аталган социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында облустук прокуратура тарабынан сот органдарына доо арыз келтирилип, жыйынтыгында ал толугу менен канааттандырылган.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде, баасы 22 млн 919 миң 500 сомду түзгөн балдар бакчасынын имараты 1,24 га жер аянты менен бирге муниципалитеттин балансына кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий