• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда жер көчтү

Кырсык 0

Бишкек, 27.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарына караштуу Шор-Булак тилкесинде көлөмү болжол менен 75 куб метр жер көчкү түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жер көчкү бастырманы толугу менен жана жайкы ашкананын жарымын басып калган. Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Жерине ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде куткаруучулардан турган ыкчам топ тартылган. Аймактын кооптуулугун аныктаган топ ошол тилкеде жашаган жаранды үй-бүлөсү менен коопсуз жайга көчүрүшкөн.

Ал эми тазалоо иштери Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий