• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жалал-Абадда жер мунапысына туш келген жарандарга кызыл китеп бериле баштады

Аймак 0

Бишкек, 26.11.22. /Кабар/. Жалал-Абадда шаарында жер тилкесине документи жок эле турак жай курган жарандарга жер мунапысы менен кызыл китеп бериле баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, күн мурун, 25-ноябрда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков бир катар жаранга жер мунапысы менен жер участогуна жеке менчиги жөнүндөгү мамлекеттик актыларды тапшырды.

Белгилей кетсек, шаарда документи жок 1785 үй, 140 гектар жер аныкталган. Жер мунапысы жарыялангандан бүгүнкү күнгө чейин алардын 200дөн ашууну жер мунапысына туш келип, турак жайларын мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтүлүүдө.

Мындан улам шаар бийлиги тийиштүү документи жок жашап жүргөн турак жай ээлерине жер мунапысын пайдаланып, кызыл китеп алууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий