• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 25.02.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 24-февраль күнү саат 07:14тө Жалал-Абад облусунун аймагында катталган.

Жер титирөө Жалал-Абад шаарында 2 баллга жана Сузак районунун Чеке-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий