• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 16.08.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 16-августта болжол менен саат 02:2де Жалал-Абад облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылында 2 баллга чейин сезилген. Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий