• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 05.01.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 15:45 чамасында Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталган. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан кабарлашты.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында жайгашып, шаар тибиндеги Кочкор-Ата айылынан 5 чакырым аралыкта жайгашкан. Очогунда күчү 4 баллга, ал эми калк жайгашкан жерде 3-4 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана каза болгондор тууралуу маалымат жок.

Эске сала кетсек, бул эсеп боюнча бир күндө катталган экинчи жер силкинүү. Алсак, Кыргызстандын түштүгүндөгү Алай тоо кыркаларында түнү күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөөнүн күчү Кара-Тейит жана Карамык айылдарында 2-2,5 баллга жеткен. Институттун берген маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу КРдин аймагында болуп, аталган айылдардан 26-28-чакырым аралыкта жайгашып, күчү 3,7 баллга жеткен. Жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Эске сала кетсек, 2018-жылы биринчи жер титирөө 4-январда катталып, Жалал-Абад жана Ош облустарында сезилген. Жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга, калк жайгашкан аймактарда 2-2,5 баллга жеткен.

Пикир

Оставить комментарий