• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жалал-Абадда жер титиреди

Аймак 0

Бишкек, 24.12.8. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө бүгүн, 24-декабрда саат 06:17де Жалал-Абад облусунун аймагында катталган.

Жер титирөө Тогуз-Торо районунун Дөдөмөл, Кош-Булак айылдарында 2-3 баллга, Арал айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий