• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жалал-Абадда жер титиреди

Аймак 0

Бишкек, 23.10.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 22-октябрь күнү саат 11:49да Жалал-Абад облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарында 2,5 балл жана Кара-Чолок, Багыш, Михайловка айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий