• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештин депутаты кытайлык компанияны тоногонго шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Ош, 18.07.18. /Кабар/. Жалал-Абадда “Чайна-Роуд” кытайлык компаниясын тоногонго шектелип 4 КРнын жараны кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-июль күнү түнкү саат 01:30 чамасында Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагына караштуу болгон түндүк-түштүк альтернативалык жолунун 303-чакырымында бир нече адамдардан турган топ “Чайна-Роуд” компаниясын тоноп кетишкен. Тагыраак айтканда, Казарман айылы тараптан “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү автоунаа менен азиат улутундагы болжол менен 30-35 жаштардагы бир нече адам келген. Анын ичинен экөө жумушчу Кытай жаранынын колун кайрып күч колдонуп, базадагы 200 литрлик 3 бачок жана 20 литрлик 25 канистр солярканы Спринтерге жүктөп качып кетишкен.

Натыйжада Кытай жараны денесинен жаракат алып, Тогуз-Торо райондук ооруканага кайрылган. Ал эми компанияга 50 миң сомдун тегерегинде зыян келтирилген. Окуя боюнча Тогуз-Торо РИИБнин тергөө кызматы тарабынан тоноочулук фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө амалдары жүргүзүлүп, 14-июль күнү Тогуз-Торо районунун 4 жараны, арасында айылдык кеңештин депутаты да кармалып, 94-берене менен 2 айга убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий