• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда эл өкүлдөрү мекеме-ишкана жетекчилери менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Аймак 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 14-январь күнү, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Шаирбек Ташиев менен Айбек Маткеримов район-шаарлардын, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жолушуп, тармактардагы бир катар көйгөйлөрдү укту. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Жыйынды Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев жетектеп, эл өкүлдөрүн аймактагы маселелер менен жакындан таанышып, көмөк көрсөтүү аракеттерине ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда облустагы саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматкерлердин жетишсиздиги, айлык маяналардын аздыгы жана эскилиги жеткен имараттарды жаңылоо муктаждыктары бар экени айтылды. Аны менен катар ушундай эле көйгөйлөр билим берүү жана маданият жаатында да орчундуулугу белгиленди.

Жогору Кеңештин депутаттары облус жетекчилиги менен биргеликте аймактагы социалдык маселелерди чечүү аракеттери көрүлүп жатканын айтты. Аны менен катар 2022-жылда ишке ашырылуучу бир катар долбоорлорго токтолду.

Эл өкүлдөрү тургундар тарабынан кайрылган ар бир маселе боюнча тийиштүү иш-аракеттер жүрүп, аткаруу бийлиги менен биргеликте ыкчам чечүү жолдору каралаарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий