• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда жол кырсыгы катталып, 8 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда жол кырсыгы катталып, 8 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-сентябрда саат 09:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылынын Тагай тилкесинде “Ауди А6” үлгүсүндөгү унаасы менен “ХОВО” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 8 адам каза болгон, 6 эркек, 2 аял (аты-жөндөрү такталууда).

Жерине Тогуз-Торо райондук №46 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, каза болгон адамдардын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий