• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жалал-Абадда жол кырсыгынан эки адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 23.06.22. /Кабар/. Жалал-Абадда жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек – Ош автоунаа жолунун 323-чакырымында жол кырсыгы катталып, Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Lexus-470 үлгүсүндөгү унаа кагылышкан.

Жол кырсыгынын кесепетинен Lexus`тун айдоочусу жана жүргүнчүсү көз жумган.

Жерине 7 куткаруучу тартылып, унаада кыпчылган жарандарды чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп берилген. Учурда тактоо иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий