• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда жол тейлөө ишканасынын кызматкери битумду мыйзамсыз сатууга шектелүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Жалал-Абадда жол тейлөө ишканасынын кызматкери битумду мыйзамсыз сатууга шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мунай заттарын 60 миң сомго мыйзамсыз сатып жаткан жеринен Транспорт министрлигинин №38 ДЭПинин битумдук чуңкурунун башчысы А.Т.Т. кармалды. Ал жеке баюу максатында мамлекеттин балансында турган битумду тынымсыз сатып келген.

Белгилей кетсек, Транспорт министрлигинин Таш-Көмүр шаарындагы №38 ДЭПнин мамлекеттин балансында турган битумду мыйзамсыз саткан кызматкерлерине карата чараларды көрүү өтүнүчү менен Кочкор-Ата шаарынын Т.И.Д. аттуу тургуну кайрылган. Ал А.Т.Т. 1 тонна битумду 60 сомго сомго сатам деп убада кылгандыгын билдирген.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий