• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда “Жолдо жүрүүнүн эрежесин билесиңби?” аттуу кароо-сынак өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы №2 Кадыр Закиров атындагы орто мектебинин 5-класстагы окуучулары арасында “Жолдо жүрүүнүн эрежесин билесиңби?” аттуу кароо-сынак өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Сынакка ЖКККБнын Жалал-Абад шаардык бөлүмүнүн башчысы, мугалимдер, ШИИБнын кызматкери, ата-энелер жана окуучулар катышты.

Сынак үч этаптан туруп, жеңип чыккан командага шаардык мектептер аралык сынакка жолдомо берилет. Ал эми калган командалар кызыктыруучу белектер менен сыйланат.

Белгилей кетсек, мындай сынак жыл сайын өлкө аймагындагы бардык район-шаарларда уюштурулуп келет.

Пикир

Оставить комментарий