• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда жолдордун четине тигилген көчөттөр эми тамчылатып сугарылат

Аймак 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасы жолдордун четине тигилген көчөттөрдү сугарууну "тамчылатып сугаруу" ыкмасына өткөрүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда Ленин көчөсүндө суу түтүкчөлөрүн орнотууу жумуштары аткарылууда.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында агын суу тартыш болгондуктан жол четиндеги көчөттөр жана гүлдөр атайын суу ташыган унаалардын жардамында сугарылып келет.

Пикир

Оставить комментарий