• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда жолго түшкөн таштар тазаланып, каттам ачылды

Аймак 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Жалал-Абадда жолго түшкөн таштар тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-мартта Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун 238-чакырымында жана Капчыгай тилкесинде таш кулап, 3 жеңил автоунаа өтө албай калган.

Жерине Тогуз-Торо райондук №46 ӨК-КБнүн куткаруучулардан турган ыкчам тобу жана Жол тейлөө ишканасынан 1 автожүктөгүч тазалоого тартылып, жол каттамы саат 09:45те толук кандуу ачылып, жарандарды унаалары менен өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий