• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда ЖРТдан жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрү сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 14.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 14-августта өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы менен жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрүн сыйлады. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жалал-Абаддагы Курманбек баатыр атындагы балдар жана Зуура Нурматова атындагы кыздар түрк лицейинин 2019-2020-окуу жылында ийгиликтүү аяктаган үч бүтүрүүчүсү, мугалимдер жана алардын ата-энелери катышты.

Тестирлөөдө Ырыскелди Курманбеков 220 балл алып, “Алтын сертификатка” ээ болду. Аны менен катар Изар Осмоналиев 218, ал эми Алтынбек кызы Жайнагүл да 218 баллды камсыздаган.

Жыйында облус башчысы бүтүрүүчүлөрдү жетишкендиктери менен куттуктап, аларга мактоо баракчасы жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Белгилей кетсек, бул жылы Жалал-Абад облусу боюнча 5 миң 403 окуучу жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан.

Пикир

Оставить комментарий