• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда журналисттер арасында футбол жана волейбол боюнча мелдеш өттү

Аймак 0

Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. Кечээ, 8-декабрь – Радио жана телевидение кызматкерлеринин күнүнө карата Жалал-Абад шаардык кеңеши жана мэрия спорттук иш-чара уюштурду.

Маалыматка ылайык, ага Ала-Тоо 24, Жалал-Абад облустук медиа борбору, Регион, 7-канал, Азаттык, Турмуш маалымат агенттигинин кабарчылары жана басма сөз кызматкерлери катышты. Анда кыздардан куралган командалар спорттун волейбол түрү боюнча күч сынашса, ал эми балдардан куралган командалар спорттун футбол түрүнөн күч сынады.

Майрам арналган спорттук иш-чарага шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев катышып, журналисттерди майрамы менен куттуктап, медалдар, кубок жана акчалай белектерди тапшырды

Белгилей кетсек, спорттук иш-чаранын байге фондун Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Адил Жоробаев жеке каражатынан уюштуруп берген.

Пикир

Оставить комментарий