• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда журналисттер сыйланды

Аймак 0

Бишкек. 08.12.20. /Кабар/. Бүгүн, 8-декабрь - Кыргызстанда радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү. Бул датага байланыштуу бүгүн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында бир катар журналисттер сыйланышты.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, журналисттерге ИИМдин медалдары жана ардак грамоталары тапшырылды.

Сыйлыктарды тапшырып жатып Жалал-Абад ОИИБинин башчысынын милдетин аткаруучу Нурбек Сыдыков майрам ээлерин куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады. Алардын жумуштары сыймыктуу жана жоопкерчиликтүү экендигин белгиледи. Милиция менен тыгыз кызматташып, кылмыштуулуктун алдын алууда жана профилактикалык жумуштарды коомчулукка жеткирүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн ролу чоң экендигин айтып өттү.

Өз кезегинде сыйлык алгандар тарабынан да милицияга ыраазычылыктар айтылды. Жалал-Абад ОИИБдин азыркы учурда аткарып жаткан жумуштарына оң баасын беришип, өлкөбүздө тынчтык болуусун каалашты.

Пикир

Оставить комментарий