• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда жыл аягына чейин үч мектеп пайдаланууга берилет

Аймак 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. Жалал-Абадда жыл аягына чейин үч мектеп пайдаланууга берилмекчи. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусундагы жалпы билим берүүчү мектептердин 2021-2022-жаңы окуу жылына карата утурумдук ремонтуна, материалдык-техникалык базаларын бекемдөөгө республикалык бюджеттен 18 766271 сом, жергиликтүүбюджеттен 52 млн 295 миң 896 сом акча каражаттары жумшалды.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базаларын бекемдөөгө, утурумдук оңдоо-түзөө иштерин жүргүзүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.

Алсак, Жалал-Абад шаардык мэриясы 11664,2 сом, Ноокен району 8747,8 сом, Базар-Коргон районунда 6 231 сом, Сузак районунда 3704,6 сом, Аксы районунда 9 627 сом, Ала-Бука районунда 1512,4 сом, Токтогул районунда 602,1 сом, Тогуз-Торо районунда 5896,2 сом, Чаткал районунда 887,9 сом акча каражаттары жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген.

Жаңы окуу жылына карата Ала-Бука районундагы 225 орундуу №5 Ы. Чангылов атындагы орто мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди.

Жыл аягына чейин Сузак районундагы Багыш айыл өкмөтүндөгү 275 орундуу У. Абдукаимов, Барпы айыл өкмөтүндөгү 320 орундуу Комсомол, Ала-Бука районундагы Көк-Таш айыл өкмөтүндөгү 125 орундуу Р. Исаков орто мектептеринин пайдаланууга берилүүсү пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда жалпы 475 мектеп бар.

Пикир

Оставить комментарий