• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда жыл башынан бери 2 миңден ашуун жолбун иттер атылды

Кырсык 0

Ош, 04.12.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Жалал-Абад шаарында 2017-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча 2315 жолбун ит атылды. Бул тууралуу “Жалал-Абад Тазалык” МИнын жетекчиси Төлөнбек Бакиров билдирди.

Анын айтымына караганда, Жалал-Абаддын аймагында эхонококкоз эпидемиясынын алдын алуу максатында жолбун иттер атылууда жана алар шаар тургандарына кол салуулары мүмкүн.

Жолбун иттердин санын азайтуу боюнча шаардын айланасында үч аңчы иштеп жатат. Аларды атуу үчүн ишкананын бюджетинен 252 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий