• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда зордук-зомбулуктун алдын алуу иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында үй-бүлөлүк жана башка зордук-зомбулуктардын алдын алуу жумуштары милиция тарабынан тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ноокен РИИБи жана райондук администрация тарабынан “Зордук-зомбулуксуз жашоо” аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү. Бул жыйынга Ноокен РИИБдин башчысы Алтынбек Мусаев, айыл өкмөт башчылары, социалдык кызматкерлер жана педагогдор катышты. Жыйындын жүрүшүндө зордук-зомбулук фактыларынын келип чыгуу себептери жана анын алдын алуу жолдору талкууланды.

Ал эми Токтогул РИИБдин кызматкерлери Бишкек-Ош автожолундагы кар көчкүлөрдү атуу жумуштарына жигердүү катышып жатышат. Ошондой эле район аймагындагы мектептерде кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жергиликтүү тургундар менен да жолугушуулар өткөрүлүп, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту болтурбоо зарылдыгы айтылууда.

Бул сыяктуу жумуштар Майлуу-Суу шаарынын Көк-Таш айылындагы мектепте да уюштурулду. ШИИБдин кызматкерлери жана шаардын имамы суициддин, диний экстремизмдин, топтошуп мушташуулардын, мектеп рэкетчилигинин алдын алуу багытында профилактикалык иштерди алып барышты. Милиция кызматкерлери окуучуларды кылмыштуулуктан жана ар түрдүү кырсыктардан алыс болууга чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий