• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарынын мэриясы тургундарды үйдөн чыкпоого чакырат

Аймак 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Бүгүндөн тарта Жалал-Абад шаарындагы бардык соода жайлары жабылууда. Аны менен бирге коомдук транспорттордун каттамдары да токтотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, азыркы учурда күч түзүмдөрүнүн жана мэриянын кызматкерлери жашоочуларга түзүлгөн кырдаалды туура түшүнүп, үйдөн чыкпоого чакырып түшүндүрүү иштерин алып барууда.

"Калаа аймагында тургундардын ден соолугуна кам көрүү жана коронавирус ооруусун шаар аймагында жайылуу коркунучун алдын алуу боюнча 20 топ түзүлүп, күчөтүлгөн тартипте иш алып иш жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти мэриядан.

Учурда шаарда дарыкана, азык-түлүк саткан жана нан бышыруучу жайларга гана иштөөгө уруксат берилген.

Мэриядан билдиришкендей, берилген эскертүүлөргө карабай кийим-кече жана турмуш тиричилик буюмдарын саткан соода жайларга мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий