• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абаддагы 65 айылга инвестициялык каражат тартылат

Аймак 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. Жалал-Абаддагы 65 айылга инвестициялык каражат тартылат. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "CASA-1000 жергиликтүү коомчулукту колдоо үчүн кошумча каржылоо" жаңы долбоорунун алкагында облустагы 65 айылда иш жүргүзүлөт. Ага КР өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы атайын каржылык макулдашуу жүргүзүлгөн.

Бүгүн бул багытта өткөн жыйынга өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, долбоордун уюштуруучулары жана жергиликтүү бийлик жетекчилери катышты.

Долбоор COVID-19 пандемиясында каржылоо булактары жабыркаган айылдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталат. Биринчи этабындагы жумуштар Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен районундагы тандалган айылдарда жүрөт. Мында медициналык мекемелердин абалын жакшыртууга басым жасалат. Каражатты пайдаланууда жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрү менен сунуштары да эске алынат.

Облус башчысы тез аранын ичинде жер-жерлерде жолугушуулар өткөрүлүп, аткарылуучу иштин багыттарын тандоо тапшырмасын берди. Аны менен бирге жаңы жумуш орундарын түзүү, каражатты максаттуу пайдаланууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жоопкерчилик алаарын эскертти.

Долбоор АРИС аркылуу 2024-жылга чейин иш алып барып Жалал-Абад, Ош жана Баткен областарынын 151 айыл аймактарын камтыйт. Жалпы бюджети 21 млн АКШ долларын түзүп, анын 50 пайызы кайтарымсыз грант болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий