• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абаддагы бала бакчалар текшерилет

Аймак 0

Бишкек, 23.11.18. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы бардык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлери квалификациялык даярдыгы жагынан текшерилет. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти.

Кечээ шаар мэринин шаар аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде эмгектен кызматкерлердин квалификациясын текшерүү боюнча атайын буйругу чыккан.

"Бул буйрук шаардагы №21балдар бакчасында тарбиячы менен бала багуучунун наристеге орой мамилесинен улам чыгарылды. Буйрук боюнча атайын текшерүү тобу уюштурулду, ага шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэри башчылык кылып, курамында 5 адис бар. Текшерүү тобу үч күн ичинде өз милдетин аткарып, жыйынтыгын мэрияга берүүсү милдеттендирилди. Максатыбыз – балдар бакчаларында терс көрүнүштөрдү мындан ары болтурбоо жана алдын алуу, ага карата анда иштеген кызматкерлердин даярдыгын көзөмөлгө алуу болуп саналат", - дейт шаардын биринчи вице-мэри Майрамбек Адылбеков.

Эскерте кетсек, буга чейин интернет түйүндөрүндө балдар бакчаларынын биринде тарбиячы менен бала багуучу наристеге орой мамиле жасаган видео таркаган. Ал окуя Жалал-Абад шаарындагы №21 балдар бакчасында болгону аныкталып, тарбиячы менен бала багуучу кызматынан бошотулду жана балдар бакчасынын башчысына сөгүш жарыяланган.

Азыркы тапта бул иш боюнча ички иштер органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий