• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абаддагы бала бакчаларга 400дөн ашуун камера орнотулат

Аймак 0

Бишкек, 17.05.19. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы бала бакчаларда тарбияланып жаткан балдардын коопсуздугу видео камералар аркылуу көзөмөлдөнөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, өткөн жылы шаардагы мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин биринде балдарга карата жасалган орой мамиледен улам, шаар мэриясы жана депутаттар кеңеши бул багыттагы көйгөйлөрү чечүүдө, көзөмөлдөө камераларын орнотуу зарылдыгын көтөрүп чыгышкан. Учурда демилге ишке ашып, байкоочу камераларды орнотуу иштери толугу менен аягына чыкты.

"Наристелерге карата катталып жаткан ар түрдүү зордук-зомбулуктарды болтурбоодо, бала бакчалардагы жалпы ишмердүүлүктү белгиленген тартипте аткарылуусун көзөмөлдөөгө, жергиликтүү бюджеттен 2 миллион 200 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Аны тендерден “Эмин” жоопкерчилиги чектелген коому 1 миллион 800 миң сомго утуп чыккан", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарындагы 22 муниципалдык бала бакчада 4 миң 950 бала тарбияланат. Аталган жайлардагы балдардын коопсуздугу 419 даана видео камерада көзөмөлдөнөт.

Пикир

Оставить комментарий