• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абаддагы диний окуу жайлардын студенттери арасында адеп-ахлак сабагы боюнча олимпиада өттү

Аймак 0

Бишкек, 07.12.17 /Кабар/. Ыйман, адеп жана маданият жылына карата Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закировдун демилгеси менен облус аймагындагы бардык диний окуу жайларда адеп-ахлак сабагы боюнча областтык масштабда уюштурулган олимпиада Жалал-Абад шаарындагы “Зин-Нур” окуу борборунда болуп өтүп, ага 13-ноябрда өзүнүн окуу жайында өткөрүлгөн олимпиадада 1-орунду багындырып, жолдомо алган студенттер сынакка катышты. Бул тууралуу муфтияттын сайтында маалымдалат.

Олимпиаданын негизги максаты өзгөчө шыктуу окуучуларды таап чыгуу жана аларга колдоо көрсөтүү, жаштардын адеп-ахлак cабагына болгон кызыгуусун арттыруу жана диний окуу жайлардын окуучулары арасында түрдүү интеллектуалдык таймаштардын түрлөрүн өркүндөтүү, сабак боюнча класстан тышкары иштерди активдештирүү, сабактарды тереӊдетип окууну жогорулатуу, сабакты изилдөө иштерине жөндөмдүү окуучуларды тартуу болуп саналат. Ошондой эле мындай иш чаралардын өтүшү медреселерде билим берип жатышкан мугалимдердин жоопкерчилигин күчөтүп, тажрыйба алмашуу, 2014-2020-жылдарга карата кабыл алынган концепциянын багыттарын жана Коргоо Кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу, инновациялык жана интерактивдик сабак өтүүнүн ыкмаларын өркүндөтүү багыттарын жакшыртуу болуп саналат.

Олимпиаданын жүрүшү боюнча атайын казыяттан комиссиялык топ түзүлүп, жоболор бекитилип, сынактын катышуучулары үчүн 1 саат 20 мүнөт убакыт берилди. Сынак тест түрүндө өткөрүлүп, жыйынтыгында 90 упай менен Таш-Көмүр шаарындагы Амир Хамза ислам иснтитутунун студенти Мамадалы кызы Улара жана Жалал-Абад шаарындагы “Аз-Захра” медресесинин студенти Абдухалил уулу Алим 1-орунга чыгышып, 2-турга сынакка катышышты. Ал эми 2-турда комиссиянын курамы тарабынан оозеки суроолорго жооп берүүдө өзгөчөлөнүп, 1-орунду Абдухалил уулу Алим багындырып, 2-орунга Мамадалы кызы Улара ээ болду. Ошондой эле 85 упай менен Сузак районуна караштуу “Аиша Сиддика” медресесинин студенти Мамасыдыкова Бекзада, Таш-Көмүр шаарына караштуу Амир Хамза ислам иснтитутунун студенти Акылбек уулу Ибрахим жана Сузак районуна караштуу “Арстанбап ата” медресесинин студенти Бөрүбаев Мухаммедали 3-орунга ат салышып, комиссиянын курамы тарабынан оозеки суроолорго жооп берүүдө өзгөчөлөнүп “Аиша Сиддика” медресесинин студенти Мамасыдыкова Бекзада 3-орунду багындырды.

Ал эми калган сынакка катышкан студенттер казыяттын сертификатына ээ болушуп, ар бирине 100 сомдон акчалай сыйлык жана китептер берилди. Мындан тышкары студенттер “Адеп башаты” коомдук прогрессивдүү фондунун Жалал-абад облусундагы филиалы тарабынан акчалай сыйланышты. Олимпиадага Жалал-Абад казыяты, “Адеп башаты” коомдук прогрессивдүү фондунун Жалал-абад облусундагы филиалы, казыяттын окуу бөлүмү, Базар-Коргон, Чаткал, Тогуз-Торо, Токтогул райондук жана Таш-Көмүр шаардык хатибияттары демөөрчү болушуп, студенттердин маанайларын көтөрүштү.

Эске салсак, облус казысы Абдулазиз кары Закировдун демилгеси менен тоолуу Чаткал, Тогуз-Торо жана Токтогул райондорунун баш имам хатибдеринин колдоосу менен ыйман, адеп жана маданият жылына карата облус аймагындагы бардык диний окуу жайларга КМДБ тарабынан уруксат берилген «Адеп-ахлак» китеби таратылган болчу. Аталган китепте адеп-ахлакка тиешелүү бир топ маселелер камтылып, диний окуу жайларда адеп-ахлак сабагы боюнча бирдей секциялык пландын негизинде окутулуп, келечекте аталган сабак боюнча олимпиадаларды уюштуруу демилгеси көтөрүлгөн эле.

Пикир

Оставить комментарий