• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абаддагы драма театры оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Аймак 0

БИШКЕК, 15.08.17 /Кабар/. Жалал-Абад облустук Барпы атындагы драма театрынын артисттери эмгек өргүүдөн кайткычакты алардын иштөөсүнө шарт түзүү максатында театрдын имараты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу аталган театрдын директору Санжар Берикбаев билдирди.

Анын айтымында, театрдын кызматкерлери кызматына же башка даражасына карабай толугу менен театрдын имаратын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштерине катышып жатышат.

“Эмгек өргүүсүнө чыккан кызматкерлер кайра жумушка келгичекти бул жакта иштеп жаткан кызматкерлер ынтымакташып, театрдын имаратын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатышат. Алдыда дагы көптөгөн пландарыбыз бар. Сентябрь айына грузин драматургу А. Цагарелинин “Ханума” комедиясын сахнага алып чыгууга да кызуу даярдыктар жүрүүдө. Декорациялык буюмдары даярдалып, спектаклге кийилүүчү кийимдери тигилүүдө”,-дейт ал.

Эскерте кетсек, Жалал-Абаддагы облустук драма театры өлкөдөгү жана Борбор Азиядагы театр фестивалдарында бир нече жолу жеңүүчү болгон.

Пикир

Оставить комментарий