• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абаддагы кен казуучу ишканада атайылап өрттөө болгон эмес — Сагынбаев

Экономика 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы кен казуучу ишканада атайылап өрттөө болгон эмес. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында Жер казынасын пайдалануу, энергетика жана өнөр жай мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, жеринде тергөө иштери жүрүүдө.

"Биз компаниянын жетекчилиги менен жолугуштук. Бизге ишканада өрт ширетүү иштеринин айынан чыккандыгын кабарлады", - дейт ал.

Сагынбаев кайсы кен казуучу ишкана тууралуу айтып жаткандыгын тактаган жок.

Эскерте кетсек, 19-октябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы "Фулл Голд Майнинг" алтын казган ишканада өрт чыккан.

Пикир

Оставить комментарий