• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абаддагы «Курманбек» стадионуна газондорду сугаруучу автоматташтырылган система орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек» стадионуна газондорду сугаруучу автоматташтырылган система орнотулуп, түнкү жарыктандыруу үчүн 32 даана кубаттуу чырак жана 15 чарчы метрди түзгөн электрондук экран орнотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ошондой эле стадиондун бир четине кичи футбол аянтчасы да курулду.

Мындагы курулуштарды шаардык кеңештин депутаттары колдоого алып, жергиликтүү бюджеттен 6 млн 132 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Буга чейин футбол адистери аталган стадиондо эл аралык мелдештерди өткөрүүгө айрым кемчиликтер бар экенин белгилеп келишкен. Учурда анын бары жоюлду.

Белгилей кетсек, аталган стадион 4,5 миң көрүүчүгө ылайыкталган.

Пикир

Оставить комментарий