• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абаддагы Курманбек стадионунда чатырлар тигилип, үйдөн дарыланып жаткандарга жардам көрсөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 04.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионуна чатырлар тигилип, үййдөн дарыланып жаткан жарандарга жакындан жардамдар көрсөтүлөт. Тиешелүү таашырманы өкмөттүн облустагы өкүлү Нурболот Мирзахмедовдун берди, - деп билдирет өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, Жалал-Абад областтык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы аталган стадионго чатырларды тигет, ал эми дарыгерлер жаңы алгоритимге ылайык, үй шартында дарыланып жаткан жарандарга жардам көрсөтүүнү баштайт. Бул менен ооруну күчөтпөй, алдын алуу жумуштарын жасоого шарттар түзүлөт.

"Үйлөрүндө ооруп, капельница алууга мүмкүнчүлүгү болбой жаткан жарандар өздөрү дары-дармегин алып келип, дарыгерлердин колунан капельница алып кетишсе болот. Учурдагы илдеттин оорлошуп кетпешине, өнөкөт ооруларды дарылоо дагы маанилүү болуп жатканын эске алдык. Аталган жерде социалдык аралык сакталып, тез-тез дезинфекциялоо жумуштары жүргүзүлөт. Ар бир дарыгер коргонуучу каражаттар менен камсыздалып, жумуштарын алып барышат", - деп билдирген Мирзахмедов.

Стадиондо даярдалып жаткан шаарчага күндүзү Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын тургундары келип, керектүү жардамдар менен бирге кеңештерди да ала алышат.

"Ачык асман алдында чатырлардын тигилиши, ооруну жайылтпоого карата көрүлгөн кадам. Стадиондун аянты кенен болгондуктан, адамдардын аралыкты сактоосуна мүмкүнчүлүк каралат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий