• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абаддагы өлүмгө алып келген уулануу. Ооруканага дагы 10 адам жаткырылды

Аймак 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 6 адам ууланып каза тапкан.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, үймө-үй кыдыруудан кийин дагы 10 адам Аксы аймактык ооруканага жаткырылды.

"4-март, саат 18:00гө карата Аксы аймактык ооруканасына тамак-ашка ууланып 5 эркек жана 5 аял жаткырылды. Алардын абалы орто оор, туруктуу бойдон калууда. Жабыркагандар тиешелүү медициналык жардам алышууда", - деп айтылат маалыматта.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин ыкчам маалыматына ылайык, 2-мартта саат 13:30дан 16:30га чейин Кара-Суунун 19 тургуну Кара-Жыгач айыл аймагындагы кафеде түштөнүшкөн.

Жабыркагандардын айтымында, алар салат, бешбармак жеп, сууга аралаш спирт ичишкен.

Пикир

Оставить комментарий