• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абаддагы муниципалдык базардын ишмердүүлүгүнөн кабар алынды

Аймак 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. Күн мурун, 1-декабрда Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары Нурбек Сатаров баштаган жетекчилер, ошондой эле Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары Гүлмира Худайбердиева, Адил Жоробаев, Назгүл Айдарова, Марс Апатаев муниципалдык базардын ишмердүүлүгүнөн кабар алып, соодагерлердин көйгөйлөрүн угушту.

Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришкендей, соодагерлер тарабынан базардын шарттары заман талабына ылайык экендиги баса белгиленип, ага карабай кардарлардын базарга аз келип жатканы түйшүк жаратып жатканын айтышты. Мындан улам шаарга сырттан келген маршруттук каттамдарды аталган базарга бурууну сунушташты.

Депутаттардан турган комиссия соодагерлердин ой-пикирлерин, сунуштарын эске алып, базарды толук кандуу иштетүү үчүн бир катар тапшырмаларды берип, сунуштарын айтышты.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарында жаңы муниципалдык базар ишке кирген.

Пикир

Оставить комментарий