• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абаддагы мушташ: Төрт шектүү жигит эки айга камалды

Кырсык 0

Бишкек, 13.09.19. /Кабар/. 2019-жылдын 9-сентябрында болжол менен түнкү саат 23:30дар чамасында Жалал-Абад шаарында мушташ болгон.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, Барпы-Сейил көчөсүндө жайгашкан жаңы ачылган "Дина" түнкү клубунун жанында 1993-жылкы Б.М., аттуу Базар-Коргон районунун тургунунун бейтааныш балдар сабап коюшкан.

Натыйжада Б.М., денесинен жараат алып, Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

“Аталган факты Жалал-Абад ШИИБнин Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (“Ээнбаштык”) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган”, - деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн жүрүшүндө окуяга шектүү катары 1997-жылкы Сузак районунун А.Т., жана А.А., аттуу эки тургуну кармалып, эки айга камакка алынган.

Кийинчерээк окуяга тиешелүү бар делген Сузак районунун дагы эки тургуну 1997-жылкы Т.У., жана 1997-жылкы С.А., атуу тургундары кармалып, 2 айга камакка алынган.

“Белгилей кетүүчү жагдай, буга чейин кээ бир ЖМКларда окуяга катыштыгы бар делген шектүүлөрдүн арасында учурдагы иштеп жаткан Сузак районундагы айыл өкмөт башчыларынын биринин уулу бар экен деген маалымат тараган. Бул маалыматты төгүндөп, учурда иштеп жаткан бийлик өкүлүнүн, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында иштеген жетекчи же кызматкердин шектүүлөргө эч кандай тиешеси жок экендигин маалымдайбыз”, - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий